ЖКККББ: Коомдук унааларга көзөмөл күчөтүлөт. Рейд башталды

ЖКККББ: Коомдук унааларга көзөмөл күчөтүлөт. Рейд башталды

Кыргызстанда коомдук унаалардын жол эреже бузуусун алдын алуу үчүн рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалык белгилегендей, акыркы кезде коомдук унаалардын айдоочулары жүргүнчүлөрдү алып-түшүрүүдө аялдамаларга токтобой, ага жетпей же экинчи катарга туура эмес токтоп, башка айдоочуларга тоскоолдук жаратып, жол тыгынын пайда кылган учурлар көп болууда. Ошондой эле айдоочулар унаа башкарып баратып тамеки тартып же телефонго алыксып, кооптуу абал жараткан учурлар кездешүүдө.

Мындай көрүнүштөрдү токтотуу үчүн жол милиция кызматкерлери 26-февралдан 2-мартка чейин өлкө аймагында «Коомдук транспорт» аталышында рейд өткөрөт.

Рейд учурунда автобустар менен таксилерге көзөмөл күчөтүлүп, жүргүнчүлөрдү алып-түшүрүүдө эреже бузган, аялдамаларда экинчи катарга токтоп, башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан айдоочуларга 1 миңден 3 миңге чейин айып салынат. Ошондой эле коомдук унаалардын техникалык абала текшерилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>