ЖМКлардын Борбор Азиялык 21-конференциясы Бишкекте өтөт

ЖМКлардын Борбор Азиялык 21-конференциясы Бишкекте өтөт

17-18 июлда Бишкек шаарында Борбор Азиядагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) 21-конференциясы өтөт. Бул тууралуу конференциянын уюштуруучусу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги бөлүмү билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Аталган конференция эки күн болот. Ага өкмөттүн өкүлдөрү менен кошо Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Монголиянын журналисттер ассоциациялары, жарандык коомдун, ЖМК өкүлдөр катышат.

Иш-чара санариптик трансформация шартында ЖМК эркиндигине жана медиа-плюрализмге арналат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>