Жогорку Кеңеште Мамлекеттик лотерея компаниясынын дайыны чыкпай калганы сынга алынды

Жогорку Кеңеште Мамлекеттик лотерея компаниясынын дайыны чыкпай калганы сынга алынды

2016-жылы мамлекет пайда тапсын деген ниетте Мамлекеттик лотерея компаниясы түзүлүп, анын бутуна тургузуу максатында 10 млн сом бөлүнгөн, ал эми 2018-жылы жылы 20 млн сом берилген. Ошондон бери ал компаниянын таптакыр дайыны чыкпай калды. Деги ал азыр эмне кылып жатат? Компания мамлекеттик бюджетке кандайдыр бир пайда алып келиши керек да. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Эл өкүлү Өкмөт бир жумуш баштоонун алдында жакшылап ойлонуу менен иш алып баруусу керектигин айтты.

«Кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилгенде, Өкмөт каршы болуп, бир жылдан кийин лотереядан мамлекеттик бюджетке 150 млн сом түшөт, ал эми эки-үч жылдан соң 300 млн сомго чейин каражат түшөт деген, менимче, ошондон бери бир тыйын да түшкөн жок. Өкмөт бир нерсени айтардан мурун жакшылап ойлонушу керек да», — деди Зулпукаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>