Жогорку Кеңештин 2 депутаты 14 күндүк карантинге алынды

Жогорку Кеңештин 2 депутаты 14 күндүк карантинге алынды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева менен депутат Абдыбек Дүйшалиев үй карантинине алынды. Бул тууралуу Касымалиева өзү тастыктаганын «sputnik» жазды.

Эл өкүлдөрү иш сапары менен Германиянын борбору Берлинге барып келген. Алар бүгүн түнү Бишкекке кайтып келген.

«Мен да штабдын сунушу менен 14 күнгө үй карантинине алындым. Биз өткөн жумада жөнөп жатканда Берлинде абал туруктуу болчу, Саламаттык сактоо министрлиги менен кеңешкенбиз. Биз баргандан 2 күндөн кийин абал курчуп кетти. Билеттерди алмаштырып, тез арада кайтып келдик. Негизи сапарыбыз 15-мартта аяктамак», — деди Касымалиева.

Аида Касымалиева учурда абалы жакшы экенин айтып, үйүнөн иштеп турарын билдирди. Мындан тышкары эл өкүлдөрү менен иш сапарына чогу барган парламенттин кызматкерлери да карантинге алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>