«Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан парламенттин кезексиз жыйынынын күн тартибине Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо тууралуу сунуш киргизилди.
Жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева төраганы шайлоо тууралуу маселени добуш аркылуу карап жатат.
Нурбек Алимбеков Жогорку Кеңештин төрагалыгына «Кыргызстан» фракциясынан Канатбек Исаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнүн айтты. “Ата-Мекен” жана СДПК фракциялары дагы Канатбек Исаевдин төрагалыгына токтолду.