Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Азамат Жамангуловду санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Анын талапкерлигин 79 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок.
Эскерте кетсек, 2023-жылдан бери санариптик өнүктүрүү министри болуп иштеп келе жаткан Нурия Кутнаева 29-январда кызматтан бошотулган. Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Азамат Жамангулов дайындалган.