Дээрлик үч жылдан кийин: Ми-8дин кыйрашы боюнча эки аскер кызматкери камаккаалындыКыргызстандын вице-премьеринин мурдагы кеңешчиси алдамчылык иши боюнча камакка алындыТатьяна Ким 20 жыл иштегенден кийин Wildberries башчысы кызматынан кетти — эмнелер белгилүүБанктар сентябрда курулушка 12,3 миллиард сомдук насыя бердиБишкекте ӨКМге караштуу Башкаруу борборунун экс-башчысы камакка алынды — райондук соттун тактоосу1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты
Жогорку Кеңеш Азамат Жамангуловду министр кылып дайындоого макулдук берди
30.01.2025 | 11:08
Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Азамат Жамангуловду санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Анын талапкерлигин 79 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок.
Эскерте кетсек, 2023-жылдан бери санариптик өнүктүрүү министри болуп иштеп келе жаткан Нурия Кутнаева 29-январда кызматтан бошотулган. Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Азамат Жамангулов дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом