Жогорку Кеңеш эс алуудан кайтып келип, 5 депутат ант берди

02.09.2024 | 11:48

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары эс алуудан айтып келип, кезектеги сессиянын ачылышы болду.

Парламенттин IV сессиясынын ачылышында Кыргызстандан гимни жаңырды.

Андан кийин жаңы шайланып келген 6 депутаттын бешөө – Айжигит Тыналиев, Бакытбек Марипов, Арсланбек Эгембердиев, Аккулу Бердиев, Эрнис Айдаралиев ант берип, расмий түрдө депутаттык ишине киришти.

Эгембердиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан Мейкинбек Абдалиевдин, Аккулу Бердиев «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Адахан Мадумаровдун, Эрнис Айдаралиев «Ыйман Нуру» фракциясынан Нуржигит Кадырбековдун ордуна келди.

Тыналиев №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан, Марипов №5 Ноокат округунан депутат болуп шайланган.

Ошондой эле №29 Свердлов округу боюнча депутат болгон Жумабек Салымбеков бүгүн ант берген жок. Төрага Нурлан Шакиевдин айтымында, ал ден соолугуна байланыштуу бүгүнкү жыйынга келе алган жок.

[image_carousel source=”media: 213922,213921,213920,213919,213918″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top