Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев көз жумду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев көз жумду

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев 7-январда 78 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамат Орозбаев 1946-жылы 22-октябрда Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган. 1971-жылы Самарканд кооперативдик институтун аяктап, Жалал-Абад кооперативдик техникумунда мугалим болуп ишин баштаган. 1975-1979-жылдары Кара-Суу райондор аралык базасында, 1979-1984-жылдары Жалал-Абад универсалдык соода базасында директор болуп эмгектенген. Андан соң Ош облустук соода башкармалыктарында жана башка мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган.

1990-жылы «Легендарлуу парламент» деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышына депутат болуп шайланып, кийин да эгемен Кыргыз мамлекетининин Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги, калкты тейлөө чөйрөсүндөгү өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен сыйланган. Андан тышкары КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасын, «Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер», «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамдарын алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>