Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Жогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алды
19.03.2026 | 15:06
Жогорку Кеңеш министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Геодезия, картография жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
Документ геоинформациялык системалар жана технологиялар сыяктуу жаңы түшүнүктөрдү киргизет, ошондой эле бул тармактагы мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын тактайт.
Мындан тышкары, мыйзам мамлекеттик органдардын муктаждыктары үчүн карталар жана мейкиндиктик маалыматтар менен иштөөдө мамлекеттик фонддогу маалыматтарды жана бирдиктүү электрондук картографиялык базаны колдонууга милдеттендирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Жогорку Кенеш