Жогорку Кеңеш Кыргызстандын аймактарында суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн насыяны жактырды

26.01.2026 | 14:03

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети ОПЕК фонду менен түзүлгөн 20 миллион долларлык насыялык макулдашууну ратификациялоону биринчи окууда жактырды. Каражат өлкөнүн аймактарында суу менен камсыздоону жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга багытталган. Документке 26-январда кол коюлган.

Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдиргендей, ОПЕК фонду бөлгөн 20 миллион доллар жалпы бюджети 200 миллион долларды түзгөн «Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк» масштабдуу программасынын бир бөлүгү болот. Каржылоо Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конушту таза суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Насыянын шарттары 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөттү, жылдык 1,25% үстөк пайызын жана насыялоонун 20 жылдык мөөнөтүн карайт.

Scroll to Top