Жогорку Кеңеште АКШ элчилигинин өкүлдөрү менен адам сатууга каршы күрөшүү чаралары талкууланды
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Райан Флори менен жолугушту. Тараптар миграция жана жарандарды адам сатуудан коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Медербек Алиев адам сатууга каршы аракеттенүү мамлекеттин артыкчылыктуу милдети экенин баса белгиледи. Төраганын орун басары баңгизатка каршы күрөшүү боюнча он мыйзамды ийгиликтүү демилгелегенден кийин, эми күч-аракетин адамдарды эксплуатациялоо менен байланышкан кылмыштарды тамырынан жок кылууга жумшай турганын билдирди.
«XXI кылымда бул көрүнүш толугу менен жоюлушу керек», — деп билдирди Алиев.
Ал кыргыз тарап тарабынан буга чейин көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди:
- Борбордук Азия өлкөлөрү жана Түркия менен биргеликте аймактык машыгууларды өткөрүү;
- мамлекеттик кызматкерлерди окутуу;
- бул чөйрөдө жаш адистерди даярдоо.
Кыргыз тарап бир катар негизги багыттар боюнча АКШ тараптан колдоо алууга кызыкдар экенин билдирди. Алардын катарында:
- прокуратура органдарынын жана мамлекеттик кызматтардын потенциалын чыңдоо;
- адам сатуунун курмандыктарын коргоонун заманбап ыкмаларын киргизүү;
- улуттук мыйзам чыгаруу механизмдерин өркүндөтүү;
- онлайн чөйрөдөгү кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү.
Райан Флори мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө парламенттин ролу маанилүү экенин белгиледи. Элчиликтин кеңешчиси Жогорку Кеңештин демилгелерин колдоорун билдирип, аталган багыттар АКШ үчүн да маанилүү экенин тастыктады. Ал ошондой эле бул күрөштү колдоого багытталган атайын программаларды иштеп чыгуу пландары тууралуу маалымдады.
Жолугушуунун соңунда катышуучулар 2026-жылдын май айында Нью-Йоркто өтө турган Миграцияны карап чыгуу боюнча II эл аралык форумга Кыргызстандын делегациясынын катышуусун талкуулашты.