Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ-алып баруучулар чагылдыра баштайт

Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн жасалма интеллект технологиясы киргизилди.
Парламенттин маалыматында, «Мырза Мыйзам» жана «Айым Кеңеш кызы» аттуу жасалма интеллект менен жасалган теле алып баруучулары түзүлдү. Алар депутаттардын иши, күндүн жыйынтыгы жана жума ичиндеги окуялар тууралуу санариптик форматта маалымат беришет.
“Жасалма интеллектти колдонуу убакытты жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө, адам факторун азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Бул демилге коомдун маалыматты өз убагында алуусуна шарт түзүп, парламенттин маанилүү чечимдерге көңүл буруусуна мүмкүндүк берет”,- деп айтылат маалыматта.
Бул долбоор Төрага Марлен Маматалиевдин парламенттин ишин санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылып жатканы айтылды.