Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов коррупцияга шектелип кармалды

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруудагы коррупцияга шектелип, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, мурдагы депутат кызматтык абалын пайдаланып, материалдык пайда алуу үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын колдоого алган. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусу менен «НарынГЭС» ААКсы жана подряддык уюмдар тарабынан аткарылган иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги тастыкталган.
УКМК депутат менен бирге подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. менен А.Р. кармалганын маалымдады. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Эске салсак, ушул жылдын 23-февралынла Борбордук шайлоо комиссиясы Кундузбек Сулаймановду депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Сулайманов мандатын жеке арызынын негизинде тапшырган.