Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин төрагалары шайланды
18.12.2025 | 10:13

Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында эл өкүлдөрү парламенттин тармактык комитеттеринин төрагаларын шайлашты.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкү депутаттар комитеттердин төрагалары болуп шайланды:
- Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Эльдар Сулайманов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Бакыт Тентишев Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Токтобүбү Ашымбаева Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Куванычбек Конгантиев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Алтынбек Кудайбердиев Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Болотбек Борбиев Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна;
- Гүлсүнкан Жунушалиева Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат