Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу турак жай баасынын өсүшүн Курулуш министрлигинин тарифтик саясаты менен байланыштырды

28.01.2026 | 17:05

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө кыймылсыз мүлктүн кескин кымбатташы маселесин көтөрүп, курулуш секторунун өкүлдөрүнүн арыздарын айтты.

Парламент спикеринин айтымында, ага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин аракеттерине нааразычылыгын билдирген бир катар курулуш компанияларынын жетекчилери кайрылышкан. Төрага ведомство тармактагы тарифтерди «өз билгениндей» белгилегенин, бул турак жайдын чарчы метринин баасынын олуттуу өсүшүнө алып келгенин белгиледи. Нурланбек Тургунбек уулу мындай кырдаал кыймылсыз мүлк сатып алууну пландап жаткан жарандар үчүн олуттуу каржылык кыйынчылыктарды жаратарын баса белгиледи.

Көптөгөн кайрылууларга байланыштуу Төрага Жогорку Кеңештин тармактык комитетине кийинки жумада түзүлгөн кырдаалды кеңири талкуулоо үчүн атайын жыйын өткөрүүнү тапшырды. Эксперттик корутундудан кийин маселе парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Спикер курулуш тармагынын баа түзүү системасында ыкчам түрдө тартип орнотуу зарылдыгын билдирип, Жогорку Кеңеш өз аянтчасын калктын кызыкчылыктарын коргоо жана курч социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууну улантарын кошумчалады.

Scroll to Top