Көк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандар үчүн «5200» ыкчам линиясы ишке кирди
28.01.2026 | 17:00

Үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатуу факытларына кабылган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн «5200» ыкчам линиясы ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
«5200» ыкчам линиясы күнү-түнү иштейт. Ага чалган ар бир жаран акысыз жана анонимдүү түрдө жардам ала алат.
Линияда атайын даярдыктан өткөн психологдор жана консультанттар психологиялык колдоо көрсөтүп, кризистик кырдаалдар боюнча кеңеш беришет. Кызмат Кыргызстандын аймагындагы бардык мобилдик операторлор аркылуу 24 саат бою жеткиликтүү.
Ыкчам линия аркылуу төмөнкү жардамдар көрсөтүлөт:
- Зомбулуктун жана эксплуатациянын курмандыктарына психологиялык колдоо көрсөтүү;
- Жабыркагандардын укуктарын коргоо жана мамлекеттик кызматтар тууралуу маалымат берүү;
- Коопсуз жайга (кризистик борборлорго), медициналык жана юридикалык жардамга кайрылуу жолдору боюнча кеңеш берүү;
- Зомбулукка күбө болгондорго жана жабыркагандардын жакындарына колдоо көрсөтүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом