Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I турунда абитуруенттер 30 миңден ашуун талон салышты

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I турунда абитуруенттер 30 миңден ашуун талон салышты

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I турунда 30 миңден ашуун талон түштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун I турунда 12 миң 121и бюджеттик орундарга, 18 миң 52 талон келишимдик негизде билим алууга талон салышты.

Системадагы 64 жогорку окуу жай тарабынан 17 694 абитуриент кабыл алууга сунушталды. 10 927 абитуриент тандаган окуу жай жана адистиги боюнча билим алуу ниетин тастыктады. Анын 2 миң 301и бюджеттик орундарда, 8 миң 62сы келишимдик негизде билим ала алат.

Онлайн кабыл алуунун ар бир турунда абитуриентте экиден талон болот. Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат.

ЖОЖдорго кабыл алуунун  II жана III турунун өтүү убактысы:

2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин — сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун тастыктоосу зарыл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>