Жогорку Сот Жапаров, Ташиев жана Мамытовду толук актады  

Жогорку Сот Жапаров, Ташиев жана Мамытовду толук актады  

Жогорку Сот Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду толугу менен актады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда сот 2012-жылы бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен козголгон кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан карап чыккан. Анын жыйынтыгы менен Садыр Жапаров иште кылмыш курамы жок деп акталып, аны менен кошо депутат Талант Мамытов жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да акталган.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев 2012-жылы 16-октябрда бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып менен соттолгон. Кийинчерээк Талант Мамытовдун жана Камчыбек Ташиевдин соттуулугу жоюлган.

Бешинчи, алтынчы октябрдагы башаламандыкта Садыр Жапаров түрмөдөн бошотулду. Кийин премьер-министр болуп, президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин президенттин милдетин аткаруучу болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>