Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков 2023-жылы 2 млн 704,9 миң сом киреше тапкан. Бул тууралуу ал Салык кызматына тапшырган декларациясында айтылат.
Ошондой эле ал 1,6 млн сомдук унаалары бар экенин көрсөткөн.
Эскерте кетсек, Базарбеков 2024-жылы октябрдын башында кызматтан кеткен. Анын ордуна Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагасы болгон.