Казакстанда кыргызстандык аялдан 35,1 млн сомдук алтын алынды — чоо-жайы11-октябрь: Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +28° чейин жылуу болотЧүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейин
Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду
11.10.2024 | 09:50
Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, буга чейин Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон. Базарбековдун арызын караган Соттор кеңеши менен парламент анын кызматтан кетүүсүнө макулдук берген.
Ал 2022-жылдын февраль айынан бери Жогорку соттун төрагасы кызматын ээлеп келе жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом