Жогорку Соттун төрайымы Садыр Жапаровго байланыштуу иш октябрда кандай каралганын айтты

Жогорку Соттун төрайымы Садыр Жапаровго байланыштуу иш октябрда кандай каралганын айтты

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева “Азаттыкка” берген маегинде Садыр Жапаровго байланыштуу иш 2020-жылдын октябрь айында кандайча каралгандыгын айтып берди.

Анын айтымында, Октябрь окуялары учурунда соттор гана ишин улантышкан.

«Ошол учурда Жапаровдун адвокаттары бизге жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ишти кароону суранып жаткандыгы жөнүндө расмий билдирүү алып келишти. Андан кийин менин орун басарым дагы жок болчу, мен кийлигишип, иш боюнча үч соттон турган коллегияны чогултушум керек болчу. Ошол эле учурда интернетте иш түн ичинде каралды деген маалымат пайда болду, андай эмес. Иш Биринчи Май райондук сотунан кол менен алынып келинген. Коллегия ишти жаңы кароого жөнөттү, андан кийин, жаңылышпасам, прокуратура Жапаровду актоону суранды », — деди ал.

Калиева ошондой эле “Адилет Соттун” башчысына кысым болгонун билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Соттун төрайымы Калиева бүгүн, 29-декабрда камакка алынышы мүмкүн экендиги тууралуу “Репортерго” өздүк булактар билдиришкен.

24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, анда Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан.

Кечээ, 28-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Гүлбара Калиеваны иши боюнча толук далилдер бар экенин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>