Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 13-декабрда Жалал-Абад облусундагы Сот адилеттик үйүндө судьялар үчүн кеңешме өткөрдү.
“Коррупциялык көрүнүштөргө туруштук бере албай жатсаңар, арыз жазып, кете берсеңер болот. Ким сот тутумуна салым кошом десе, алар иштешет. Ал эми керт башын ойлогон, сот тутумуна көлөккө түшүрүп, соттордун аброюна шек келтирген кызматкерлерди кармабайбыз ”, — деди Медербек Сатыев.
Кеңешменин жүрүшүндө төрага соттордун ишмердүүлүгүнө токтолуп, иштерди өз убагында жана адилеттүү кароо боюнча талаптарды күчөтүү зарыл экенин белгиледи. Ал сот адилеттигине элдин ишенимин арттыруу үчүн судьялардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу маанилүү экенин айтты.
«Сот системасынын негизги максаты — ар бир жаран үчүн адилеттүүлүктү камсыздоо. Иштердин сапаты, мөөнөттөрүндө каралышы, мыйзамдуулугу эң маанилүү көрсөткүчтөрдүн бири болушу керек. Ошондуктан судьялар ишти кароодо бейтараптуулукту жана жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү көрсөтүшүңөр зарыл», — деди ал.
Ошондой эле, Жогорку соттун төрагасы Жалал-Абад облусундагы бардык райондук, шаардык жана облустук соттордун бардыгын кыдырып, учурдагы абалдары менен таанышып чыкты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз