Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Жол эрежесин сактаңыз! Кыргызстанда “Бахус” рейди жүрүүдө
23.02.2023 | 11:55
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери өлкө боюнча «Бахус» рейдин өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, рейддин максаты – жол транспорттук тартипти жакшыртуу, жол кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.
Иш-чара 27-февралга чейин уланат.
«Рейддин жүрүшүндө укук коргоо органдары мас абалында унаа башкаруу, тонировкалоо, автобейбаштык, ылдамдыкты жогорулатуу жана жасалма мамлекеттик номур тагылган унааны башкаруу сыяктуу эреже бузууларга басым жасалууда», – деп белгилейт башкармалыктан.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы айдоочуларды жол эрежесин сактоого чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом