«Босого» борборунда Мураталиевдин кыргыз таануу курсу өтүүдө (видео)

«Босого» борборунда Мураталиевдин кыргыз таануу курсу өтүүдө (видео)

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду «Босого» борборунун базасынын алдында Мелис Мураталиев алып бара турган кыргыз таануу курсун баштады. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Мелис Мураталиевдин бул дарсына белгилүү блогерлер, ишкерлер, студенттер жана улуу муундун өкүлдөрү, жалпы 50гө жакын адам катышты. Аудитория менен баарлашуу эки сааттан ашык убакытка созулду. Катышуучулар «маданиятыбызды, өзгөчөлүгүбүздү кантип сактап кала алабыз? Кыргыз деген ким? Этнос, мамлекет, улут деген эмне?» деген жана башка суроолорду беришти.

Ал эми фонддун вице-президенти Кайрат Итибаев долбоордун  максаты жөнүндө сөз кылып, коомчулукту каада-салт, үрп-адаттар, маданий баалуулуктар жана кыргыз элинин коду (сыр белги) тууралуу кабардар кылуу экендигин билдирген. Ошондой эле, «Босого» борбору туризм тармагын өнүктүрүүдөн сырткары, кызыктуу маектешүү жана билим берүү аянтчасы боло аларын белгилеген.

Бул долбоордун алкагында, алдыда Мелис Мураталиев өтө турган дагы 40ка жакын дарс бар.

«Өзгөчө формада бериле турган маалыматтар өлкөгө келген коноктор үчүн гана эмес, жергиликтүү тургундар үчүн дагы кыргыз элинин тарыхы, каада-салты, маданияты, философиясы жөнүндө мурда айтылбаган маалыматтары менен абдан кызыктуу болот. Дарстар элдин ээси ким деген суроого жооп берип, байыркы көчмөн элдин тереңине сүңгүп кирүүгө жардамчы болот.

Ошондой эле, бул курс алдыда тандап алган жолдон тайбастан, өзүнчө дүйнө таанымды түзүүгө жол ачуучу багыт да болуп бере алат. Тигил же бул каада-салт кайдан чыкты жана анын түпкүрүндө эмне катылуу? Кыргыз элинин «генетикалык эгизи» ким жана эмнеге алар бизден башкача? Иденттүүлүгү менен суверендүүлүгүн сактап калуу үчүн биздин элге эмне жардам бере алат?» деген суроолорго жооп издейт», — деп белгилешти фонддон.

Фонддон билдиришкендей, дарстар кыргыз маданиятын алып жүрүүчүлөргө да кызык болот. Катышуучулар «тарбиядагы тыюулар, ырым-жырымдар, атуулдук милдет, үрп-адаттарга ишеним камтылганбы же билимби?» деген өңдүү жана башка суроолорго жооп табышып, көптөгөн тарыхый фактылар жөнүндө маалымат алып, кыргыз элинин кайыптан турган дүйнөсү менен таанышып, улуттун руху менен күчү эмнеде экенин биле алышат.

Алдыда «Сабак болуп өтүлбөгөн кыргыз элинин тарыхы» аталышындагы дарс уюштурулуп, ал 28-февраль күнү саат 18:00дө Пушкин көчөсү 75 дарегинде жайгашкан «Босого» туристтик борборунда өтөт.

Ошондой эле, жакынкы арада «Босого» борборунда тарых илимдеринин доктору Сынар Алымкулов алып бара турган Кыргызстандын тарыхы тууралуу курс старт алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>