4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салынды
Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу ЖКККББнын жетекчиси кызматынан бошотулду
04.11.2025 | 19:28

Өлкөдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштери начар жүргүзүлүп, автокырсыктардын саны кескин өскөндүгүнө байланыштуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Жеңишбек Жоробеков кызматынан алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Мекемеде ошондой эле бир катар кадрдык өзгөртүүлөр болду. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жетекчиси Алмаз Осмонбеков ИИМдин Ички аудит кызматынын башчылыгына дайындалды.
Ал эми ички иштер министринин кеңешчиси Улан Бийбосунов Осмонбековдун ордуна — ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.