ЖКККББнын кызматкерлерине баш ийбей, талааны көздөй качкан мас айдоочу кармалды, деп билдиришти аталган ведомстводон.
Маалыматка караганда, атайын ротанын кызматкерлери Көк-Жар айылынан Mazda үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок, айдоочу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, 7-Апрель көчөсү менен жогору Ала-Тоо совхозуна чейин унаасын токтотпой качкан.
Атайын ротанын ыкчам аракетинин натыйжасында аталган унаа совхоз Ала-Тоонун ээн талаасында кармалып, текшерүү учурунда айдоочу мас абалында экендиги аныкталган.
Айдоочуга карата кызматкерлерге баш ийбей качкандыгы үчүн 5500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.
Эми бул айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан бир жылга ажыратылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз