Жол оңдоо иштери. Мэр жумушчу күчүн көбөйтүп, ишти тездетүү зарылдыгын айтты

Бүгүн, 24-сентябрда, мэр Айбек Жунушалиев борбор калаадагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, жүрүп жаткан оңдоо иштеринин абалы менен таанышты.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаар башчысы Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки 4,4 чакырымдык бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Дэн Сяопин проспектисине барды. Жол менен катар суу түтүктөрү да алмаштырылууда. Бул проспект акыркы жолу 2003-жылы реконструкцияланган. Мэр тиешелүү кызматтарга жумушчулардын санын көбөйтүп, белгиленген мөөнөттө ишти бүтүрүүнү тапшырды. Ошондой эле Патрис Лумумба көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки тилкени жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча долбоор даярдоо милдеттендирилди.
Андан соң Жунушалиев Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин көрүп чыкты. Ал трибуналардын сапатына, ыңгайлуулугуна жана аймакты көрктөндүрүүгө көңүл буруп, иштерди тездетүүнү белгиледи.
Мэр ошондой эле Чыгыш-5 кичирайонундагы Армейская көчөсү, 10/3 дарегинде жайгашкан бала бакчанын оңдолушун текшерди. Аянты 2794,6 чарчы метр болгон объект 560 балага эсептелген. Азырынча электрондук кезекке 150 бала катталды. Жунушалиев курулушта колдонулуп жаткан материалдардын сапатын, коопсуздугун жана имараттын эстетикалык жасалгаланышын белгилеп өттү.