Жогорку Кеңештин депутаты Камиля Талиева Транспорт министрлигин Талас облусунун жолдоруна көңүл бөлүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүнкү жыйында билдирди.
Эл өкүлү Төө-Ашуу менен Өтмөк ашуусундагы жол бузулуп, унаа жүрө албай жатканын айтты.
«Таласка бара турган жол илме тешик болуп, киши жүрө албай турган болуп калыптыр. Унаалар чуңкурларды айланып өтүүгө аракеттенип, бири-бирин түртүп, авариялык абал жаралып жатат. Жергиликтүү тургундар «Камчыбек Кыдыршаевич бир жолу ушул жолдон жүрсө, бул трасса оңдолуп калат эле» деп жатышат. Айтсаң эми анекдоттой», — дейт Камиля Талиева.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз