7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктады
Жолдо баратып достору менен салют аткан айдоочу айыпка жыгылды (видео)
04.01.2025 | 10:00
Кантта унаасынын ичинен фейерверк атылган айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Буга чейин ММКлардын бирине Кантта Volkswagen Golf 6 унаасында бараткан адамдар салют атып жатканы тартылган видео чыккан. Окуя 2-январда кечинде болгон.
Жол тескөөчүлөрү аталган унаанын айдоочусун таап, ага 15 миң сом айып салган. Ошондой эле унаасы айып короого коюлган.
Айдоочу достору менен жасаган жоругу үчүн кечирим сураган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом