Бишкекте жолдун карама-каршы тилкесине чыгып унаа айдаган кичи автобустун айдоочусу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, №215 каттамдагы кичи автобустун айдоочусу Манас көчөсү менен баратып, карама-каршы тилкеге чыгып, авариялык абал жараткан. Аталган айдоочуга протокол толтурулуп, 15 миң сом айып пул салынган.
Ошондой эле айдоочу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.