Аравандагы жетим балдар интернатынын абалы: темир керебет, сасыган ажаткана

Аравандагы жетим балдар интернатынын абалы: темир керебет, сасыган ажаткана

Араван районундагы А. Тургунов атындагы мектеп-интернатындагы шарттар балдар мекемелери боюнча мамлекеттик стандартка жана нормаларга жооп бербейт. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын-алуу боюнча улуттук борбор билдирди.

Маалыматка караганда, окуу жайда тамак-аш коопсуздугу бузулган. Ашканада сынык кеселер колдонулуп, азыктарды сактоо жайлары талапка жооп бербейт, балдарга сактоо мөөнөтү өтүп кеткен колбасаны берери аныкталды.

Дааратканын эшиги ичинен жабылбайт, атайын кагаз, суу жок.

Жатаканада шкаф, тумбочка жок. Айрым темир керебеттерде балдар матрас салбай жатышат.

“Интернатта балдардын укуктары бузулуп, аларга шартта түзүлгөн эмес. Бузулган талаптардын тизмеси мекеменин жетекчилигине өткөрүлүп, тез арада кемчиликтерди оңдоо сунушу берилди”, — дейт улуттук борбор.

Белгилей кетсек, аталган мектеп-интернатта жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жашайт. Анын 1958-жылдан бери турган имаратынын ордуна 2021-жылы 84 миллион сомго жаңысы курулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>