Жоокерлердин сабалышы боюнча аскер прокуратурасы эки кылмыш ишин козгоду

Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы катардагы жоокерге карата физикалык зомбулук көрсөткөндүгү үчүн Базар-Коргон районундагы 5-кайтаруу батальонунун кароол башчысынын жардамчысы Т.у.Н.га карата кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, аталган кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин 388-беренеси (бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, буга чейин Жалал-Абадда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын аскер кызматкери жаш жоокерди урганы белгилүү болуп, окуя тартылган видео интернетте тараган эле. Байкоо камераларына тартылган кадрларда улук кызматкердин жаңы жоокерди бир нече жолу бетине урганы көрүнүп турат.
Мындан тышкары, Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Чек ара кызматына таандык бир аскер бөлүгүндө катардагы жоокерлерге карата зомбулук жана кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козгоду. Кылмышка шектүү катары бөлүмчө командири, прапорщик А.Б.Т. кармалып, Бишкек гарнизонунун аскер гауптвахтасына киргизилди.