Мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтыкДарыгерлер пайда көрүү үчүн Индияга орган алмаштырууга жөнөтүп жатышатМайлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөтРоза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстү
Жалал-Абадда ЖАМКтын кызматкери жаңы келген жоокерди урган
03.09.2025 | 15:38
Окуя Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Жалал-Абад облусу боюнча күзөт жана конвойлоо департаментинин бешинчи батальонунда болгон. Байкоо камераларына тартылган кадрларда улук кызматкердин жаңы жоокерди бир нече жолу бетине урганы көрүнүп турат.

ЖАМКнын басма сөз кызматы Reporter.kgге билдиргендей, окуя кечээ, 2-сентябрда болгон. Анда Т. уулу Н. аттуу аскер кызматкери жаңы жоокер А.А.И.ге карата уставка туура келбеген мамиле жасаган. Учурда топтолгон материалдар Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасына өткөрүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, ЖАМКнын Ички иликтөөлөр боюнча башкы башкармалыгына аталган окуя боюнча текшерүү жүргүзүү тапшырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар