Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшердиКантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалдыОш шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулат
Жумгал- Ак-Талаа жолуна Акылбек Жапаровдун ысымын ыйгаруу демилгеленүүдө
14.04.2022 | 11:03
Жыртылып, тамтыгы чыккан Жумгал-Ак-Талаа жолунуна Жапаровдун атын берели деп демилге көтөрүп жатышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламентте билдирди.
“3 чакырым, 5 чакырым оңолот деп жатышат. Антип майдалап бүтүрүп отурса 120 км жол бери дегенде 40 жылдын ичинде жол бүтөт. Ошондуктан бул жолго Жапаровдун атын ыйгаралы деген демилге бар. Акылбек Жапаровдун аты татыктуу болот. Мурда жаңы салынган жолдорго аттар коюлса эми, тамтыгы чыккан, жыртык жолдорго ысым ыйгыралышы керек”- деди эл өкүлү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат