Бишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө«Көлөкө менен кармаш»: Валентина Шевченко UFC титулун коргоо алдында Кыргызстанда машыгуудаБишкекке аймактардан 400дөн ашуун жол тескөөчү тартылдыМилиция «Мадина» базарындагы өрттүн алдын ала себебин атадыКыргызстандыктарга мүлк салыгын төлөөгө эки күн калды
Казакстан быйыл Жеңиш парадын өткөрбөйт
14.04.2022 | 10:48
Казакстан быйыл Жеңиш парадын өткөрбөйт. Бул тууралуу 13-апрелде аталган республиканын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«2022-жылы Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад пландаштырылган эмес», — деп айтылат маалыматта.
Мындай чечимдин себеби тактала элек.
Ошол эле учурда Казакстанда аскердик-патриоттук иш-чаралар, Улуу Ата Мекендик согуштун жана республиканын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлерин сыйлоо пландалууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар