Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Жумушка кеткен бойдон дайынсыз: Чүйдө Тимур Карагулов изделүүдө
11.08.2022 | 14:38
Чүй облусунда 36 жаштагы Карагулов Тимур Джекшеналиевич изделип жатат. Бул тууралуу ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-августка милицияга арыз түшүп, анда Чүй айылынын 1986-жылы туулган тургуну Тимур Карагулов 27-июлда үйүнөн жумушка чыгып кеткен бойдон дайынсыз экени айтылган.
Белгилери: бою болжол менен 155-160 см., дене түзүлүшү орточо, өңү кара жумал, чачы кыска кара түстө, чекесинен жогору жакта чачы түшкөн, көзү
кара, мурду түз.
Кийген кийими: футболка кара-көк түстө, шорты кара-көк түстө.
Милиция Тимур Карагуловдун жүргөн жерин билгендер болсо (03138) 5-82-89, 0702 77-74-08, 0552 99-20-25 телефон номурлары аркылуу маалымдап коюуну өтүнөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом