Низовскийдин иши: УКМК Акыйкатчыны популизмден алыс болууга чакырды

Низовскийдин иши: УКМК Акыйкатчыны популизмден алыс болууга чакырды

УКМК Акыйкатчы институтун пиардан алыс болууга жана тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырды. Бул билдирүү №61 мектептин директору Юрий Низовскийдин кармалышы менен байланыштуу.

УКМКдан билдиришкендей, алар тергөөнү адамдын коргоолуу укугун камсыз кылуу менен ар тараптуу, толук жана объективдүү принципти сактоо менен жүргүзөт. Ага ылайык, айыпталуучу Юрий Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн. Анын катышуучулары (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодекстин ченемдери менен так аныкталган.

«Бирок ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан тергөөчүнүн кабинетине келген. Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Юрий Низовскийдин жаш курагы жана ден соолугунун абалы эске алынып, баш коргоо чарасын «үй камагына» өзгөртүү чечими кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырат.

Ошондой эле УКМК мыйзамга ылайык Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрүн атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына жана тергөө абагына тоскоолдуксуз киргизип жатканын белгилейт.

Эскерте кетсек 9-августта №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалып, андан кийин  үй камагына алынган. Низовский кармалгандан кийин Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аны менен жолугуп келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>