Жунушалиев: Биз троллейбустарды сатпайбыз, аймактарга беребиз

Жунушалиев: Биз троллейбустарды сатпайбыз, аймактарга беребиз

Троллейбустарды шаардын чет жакасындагы жүргүнчүлөрдү камтый албайт. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин жыйынында мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Ал Бишкек башка шаарлардын дагы өнүүгүсүн колдоорун айтты.

«Биз троллейбустарды сатпайбыз, аймактарга берип жатабыз. Бул мамлекеттин саясаты, өлкө жетекчилигинин саясаты, бул Бишкек мэриясынын саясаты. Баары бирдей өнүгүшүн каалайбыз. Бишкектин аймагы үч эсеге көбөйдү. Бул жерде депутаттар отурат, баары азыр автобустар келбей жатат деген көйгөйдү айтууга даяр. Троллейбустарды таштайбыз, алар ошол жакка жетеби? Жаңы аймактарга жетүү үчүн биз мындан да көп мобилдүү автобустарды жана электр автобустарын сатып алышыбыз керек. Биз бул ишти улантабыз жана бул маселеде сиздерден колдоо сурайбыз», — деди шаар башчысы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>