Журналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулдуОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазалануудаЭнергетика министрлиги эки индиялык компания менен кызматташуу боюнча келишим түздүОш шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланатКыргызстанда балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталуудаӨлтүрүп, сөөгүн көмүп салган. Кара-Балтада 38 жаштагы жаран кармалды
Журналист Мирбек Айтикеев кармалды
12.08.2019 | 15:57
Журналист жана КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалды. Бул туурауу анын жакындарына таянып бир катар басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Айтикеев 10-октябрга чейин камакта болот. Ал кайсы иштерге айыпталып жатканы азырынча белгисиз.
Мирбек Айтикеев 7-август күнү ишке ашпай калган Атамбаевди кармоо опперациясы учурунда Кой-Таштан “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу бир нече маалыматтарды жазып турган.
Белгилей кестек, 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Алмазбек Атамбаевдин бир нече тарапташы кармалган. Аларга “Адамды барымтага алуу”, “Массалык башалмандык уюштуруу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча айыптар тагылган.
Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар