Жүз миңдеген долларга алдаган: Бишкекте ири алламчылыкка шектүү кармалды

14.12.2025 | 16:00

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына И.С. аттуу чет өлкөлүк жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Н.Б. аттуу жаран 2025-жылдын сентябрь–октябрь айларында Бишкек шаарында Кытайда чыгарылган жети автоунааны алып келип берүүнү убада кылып, ишенимине кирип, жалпы суммасы 404 500 АКШ долларын түзгөн акча каражатын ээлеп алган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө убада кылынган автоунаалар арыз ээсине жеткирилбегени, ал эми алынган акча каражаттары шектүү тарабынан жеке муктаждыктарына жумшалганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган жаран Б.Н. аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда укук коргоо органдары кармалган жарандын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар же жок экенин текшерип жатышат.

Scroll to Top