Жыл башынан бери 3 миңден ашуун социалдык объект интернетке туташтырылды

Жыл башынан бери өлкөдө 3 миң 882 мектеп, оорукана жана башка социалдык объекттер жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги ушул жылдын 6 айында аткарылган иштери тууралуу маалыматында билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 212 байланыш түйүнү курулуп, 3 миң 900 чакырымдан ашык оптоволокондук линия тартылган. 178 мамлекеттик санариптик кызматтар жеткиликтүү болуп, алардын 122си толугу менен автоматташтырылган. Кагаз түрүндөгү маалымкаттардан баш тартуу чечими кабыл алынган.
«Түндүк» мобилдик колдонмосу аркылуу дээрлик 9 миллион кызмат көрсөтүлгөн. G-Cloud булут платформасы жана «Жашыл маалымат борбору» долбоору ишке киргизилген.
Ошондой эле алгачкы ирет Санариптик кодекске кол коюлду. Мындан тышкары министрлик жаңы макамга жана милдеттерге ээ болду. Эми анын көңүл борборунда санариптештирүү гана эмес, инновациялык технологиялар да бар.