Стамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)
Жыл башынан бери 500 миңдей кыргызстандык жаран Орусияга кирген
09.09.2025 | 12:16

Кыргызстан жарандары Орусияга эң көп барган беш өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу РИА Новости статистикалык маалыматтарга таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл 500 миңдей кыргызстандык жаран Орусияга кирген. Алардын ичинен 346 миң жаран жумуш иштөө максатында, 88 миң жаран жеке визит менен өлкөгө кирген.
Орусияга жарандары эң көп кирген өлкөлөрдүн сап башында Өзбекстан турат. Быйыл өлкөгө 1,8 млн өзбекстандык жаран кирген. Экинчи орунда Орусияга 1,5 млн жараны кирген Казакстан турат. Ал эми үчүнчү орунда Тажикстан турат. Быйыл жыл башынан бери Орусиянын чек арасын 800 миң тажик жараны кесип өткөн. Ошондой эле Кытайдан 760 жаран Орусияга ар кандай максат менен келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом