БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Жети айда “Балага сүйүнчү” жөлөк пулун 66 миңден ашуун адам алды
22.07.2022 | 16:21
Жыл башынан бери 66,8 миң адам “балага сүйүнчү” жөлөк пулун алган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алуучулардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 1,2 пайызга азайган.
«Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпул бардык жаңы төрөлгөн ымыркайларга бир өлчөмдө — 4000 сомдон дайындалат. Үй-бүлөдө үч эм жана андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сомдон жөлөк пул белгиленет», – деп билдирди министрликтен.
Эмгек министрлиги кошумчалагандай, жыл башынан бери 15,9 миң адам кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алган. Анын орточо өлчөмү 11,2 миң сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом