Жылуулук түтүктөрүн оңдоо иштери аяктады. Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды
Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А.Осмонкул көчөсүнөн К.Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Диаметри 700 мм болгон эски жылуулук түтүктөрү диаметри 900 мм болгон жаңы түтүктөргө алмаштырылды. Бул аварияларды, жылуулуктун жоготууларын азайтып, энергиянын үнөмдүү натыйжалуулугун жогорулатат. Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактары 1971-жылдан бери иштетилип келген, бул иштетүү нормасынан эки эсе ашкан мөөнөт”,- деп айтылат маалыматта.
Оңдоо иштеринин алкагында эски түтүктөр алынып, жаңысы орнотулган, андан соң жолго асфальт төшөлүп, белгилерди түшүрүү иштери жүргүзүлгөн. Реконструкциялоо иштери мэрия жана Транспорт департаменти менен макулдашылып жүргүзүлгөн.
Мэриянын маалыматында, бул борбор калаанын көчөлөрүн модернизациялоо боюнча масштабдуу программанын бир бөлүгү. 2026-жылы Фрунзе көчөсү толугу менен оңдолот. Жылуулук тармагынын түтүктөрүн алмаштыруу төшөлгөн жабууларды кайрадан ачпоо үчүн алдын ала жүргүзүлдү.
Ошондой эле “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы сапатты көзөмөлдөөгө жана шаар тургундары үчүн ыңгайсыздыктарды азайтууга кепилдик берди.