Жылына 20-50 миң сом төлөйт. Эмгек министрлиги өлкөдө канча чет элдик жаран иштерин айтты

Жылына 20-50 миң сом төлөйт. Эмгек министрлиги өлкөдө канча чет элдик жаран иштерин айтты

Кыргызстанда расмий түрдө 5 миң 322 чет элдик жаран иштейт. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Алардын ичинен Бангладештен  514 жумушчу, Индиядан – 253, Пакистандан – 919, Египенттен – 15 жана калганы башка мамлекеттен келишкен.

“Чет элдиктер Кыргызстанга жылына 20 миң сом, соода тармагында иштесе 50 миң сом төлөшөт. 5 миң 322 кишиден бир жылда 117 миллион сомдон ашык акча бюджетке түштү”, — дейт Бакыт Дарманкул уулу.

Анын айтымында, чет элдик жарандардын 80 пайызы курулуш жана тигүү тармагында иштешет.

“Бизге курулуш жана тигүү тармагындагы көп ишкерлер чет өлкөдөн жумушчуларды алып келүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылат”, — дейт  министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети чет элдик жарандарга жумуш квотасын жыл сайын бекитет. 2024-жылы четтен 25 миң кишини (Бишкек — 12 мин 850, Ош — 845)ишке тартууга уруксат берилген.

17-май түнү Бишкекте чет элдик жарандар катышкан мушташтан кийин өткөн митинг башка өлкөдөн келген студенттерге жана алар жашаган жатаканага кол салууга алып келди. Анын жыйынтыгында 15 киши жабыркады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө 5 миңге жакын чет элдик мыйзамды бузганын, акыркы айда 1500ден ашык пакистандык жана Бангладештин 1000ден ашык жараны өлкөдөн чыгарылганын айткан.

Чет элдиктер менен болгон мушташтан кийинки митинг. Ташиевдин комментарийи (видео)

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>