Жүргүнчүнүн акчасын уурдоого шектелип такси айдоочусу кармалды

Жүргүнчүнүн акчасын уурдоого шектелип такси айдоочусу кармалды

Чүйдө такси айдоочусу жүргүнчүнүн жанындагы 2 миң 600 доллар акчасын уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 25-мартта милицияга 37 жаштагы аял киши кайрылып, анын бир тууганы Ш.У. ошол күнү саат 04:40 чамасында Түркияга учуп кетер алдында «Манас» аэропортунда жанындагы 2 миң 600 доллар акчасын жоголгонун аныктаганын айтып, акчаны табууга жардам сураган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында, жоголгон акчаны С.У. аттуу 28 жаштагы такси айдоочусу уурдаганы аныкталган. Белгилүү болгондой, ал «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо, жүргүнчү Ш.У.нун өтүнүчү менен дүкөндүн жанында токтогон. Ошол учурда Ш.У. өзүнүн буюмдарын жана ичинде акча салынган сумкасын унаада калтырып чыккан. Такси айдоочусу жүргүнчүнүн жоктугунан пайдаланып, анын акчасын уурдап алган. Андан кийин айдоочу жүргунчүнү «Манас» аэропортуна түшүрүп, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

27-мартта аталган айдоочу кармалып, Сокулук районунун милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө ал арыз ээсине уурдаган акчаны толугу менен кайтарып берген. Учурда тергөө иши уланып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>