Зордуктоо азайып, адам өлтүрүү көбөйдү. Төрт айда кылмыштардын саны 6,1%га кыскарды

Зордуктоо азайып, адам өлтүрүү көбөйдү. Төрт айда кылмыштардын саны 6,1%га кыскарды

2024-жылдын 4 айында 14,4 миң кылмыш катталды. Бул өткөн жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 6,1 пайызга аз.

Башкы прокуратуранын маалыматында, ошол эле учурда өзгөчө оор жана оор кылмыштардын саны 1,4 эсеге көп. 2,2 миң мыйзам бузуунун 68 пайызы адамдын өздүгүнө каршы жасалган.

51 адам киши колдуу болуп (бул 30 пайызга көп), 66 киши зордукталган (17 пайызга аз), жалпысынан 200дөн ашык кишинин ден соолугуна залака келтирилген.

Каракчылык, тоноо жана уурулук аз катталганы менен, алдамчылык 13,6 пайызга (3,6 миң) көбөйгөнү белгиленет.

Маңзат менен кармалгандардын саны дагы 18 пайызга көбөйдү.

Ал эми жыл башынан бери 23 адамга коррупция беренеси менен иш козголсо, кызмат абалынан кыянаттык кылгандардын саны 300гө жетти.

Январь-апрелде 6 миң 169 адам кылмышка шектелсе, анын 13 пайызы — аялдар, 8,8 пайызы — жашы жете электер жана 66,4 пайызы — жумушсуздар.

Кылмыш көбүнчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталат.

Тэги: кылмыш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>