Бишкектин Ала-Тоо аянтында массалык мушташкан өспүрүмдөр кармалдыБишкекте $80 миң байге фонду менен UmutDoc кинофестивалы өтөтКыргызстанда абанын булганышына мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы метеорологиялык жабдык ишке кирдиКыргызстандыктардын кирешеси 2026-жылдын биринчи чейрегинде 18,7%га өстүПрофилге чейинки даярдоо: 8-класстар үчүн «Гуманитардык навигатор» программасы киргизилетКыргызстандын туризмине салынган инвестициялар бир жылда дээрлик 8 эсеге өстү
Олимпиада: Боксчу Сейитбек уулу лицензиялык мелдештин чейрек финалына чыкты
30.05.2024 | 14:45
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча Олимпиадага жолдомо ойнотулган дүйнөлүк лицензиялык мелдештин чейрек финалына чыкты.
Сейитбек уулу 57 кг салмакта күч сынашууда.
1/8 финалда ал уругвайлык Лукас Гарсияны жеңди. Эми чейрек финалда азербайжандык Шамил Аскеров менен кез келет. Беттеш 31-майда өтөт.
Белгилей кетсек, аталган мелдеште 57 кг салмакта үч спортчу гана Олимпиада оюндарына лицензия ала алат. Эки жолдомо финалга чыккан мушкерлерге берилет жана жарым финалда жеңилген эки спортчу үчүнчү лицензия үчүн беттеш өткөрөт.