Өмүр бою эркинен ажыратылган Аскаров сотторго жана прокурорлорго ачык кайрылуу жиберди

Өмүр бою эркинен ажыратылган Аскаров сотторго жана прокурорлорго ачык кайрылуу жиберди

2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандын күч органдарына ачык кайрылуу таратты.

Ал кармалгандан баштап тергөөнүн, сот жараяндарынын жүрүшүн кенен баяндады. Эч кандай күнөөсү жок экенин, кыргыз бийлиги эл аралык укук коргоо уюмдарынын милдеттенмелерин аткарбай жатканын белгиледи.

Аскаров оор беренелер менен соттолгонун ошол кездеги бийлик башындагылардын буйругу деп эсептейт. Ал 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн жетекчилигин «сот иштерине кийлигишкен» деп айыптап, «кылмыш ишинин нугу мени айыптоого гана багытталган» деген оюн билдирди.

Ошондой эле ал «сот милиционердин өлүмүнүн чыныгы күнөөкөрүн аныкташ үчүн эмес, мени улут аралык кастыкты козутуу үчүн айыптоого багытталган» деп, сотто окуя болгон жердеги далил документтерге көңүл бурулбаганын белгиледи.

Аскаровдун иши 25-февралда Жогорку сотто кайра каралганы жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>